Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:25

ТИМ уулу Орусиядагы абактан согушка тартылган жарандын арызы караларын билдирди


Уулу согушка кеткен Назира.
Уулу согушка кеткен Назира.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) “Азаттык” чагылдырган Орусиядагы абактан Украинадагы согушка тартылганы айтылган 19 жаштагы кыргызстандык тууралуу билдирүү таратып, аны кайтаруу аракети башталганын билдирди. Мунун алдында анын апасы уулун согуштан кайтарып алуу өтүнүчү менен министрликке кайрылган.

ТИМ арыз кабыл алынып, Орусиядагы элчиликке тапшырма берилгенин маалымдады.

“2025-жылдын 18-декабрында аталган жаран “Азаттык” үналгысынын журналистинин коштоосунда Кыргыз Республикасынын тышкы саясат ведомствосуна мурда Орусия Федерациясында эркиндигинен ажыратууга соттолгон уулун согуштук аракеттердин аймагына жөнөтүлүшүнө жол бербөө өтүнүчү менен кайрылган. Арыз ээси Министрликтин Консулдук департаментинин жетекчилиги тарабынан жеке кабыл алынды. Кабыл алуунун жыйынтыгында андан тиешелүү жазуу жүзүндөгү арыз кабыл алынды. Жарандын кайрылуусу белгиленген тартипте иштеп чыгууга алынды. Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясындагы элчилигине тиешелүү тапшырма берилди”.

Мунун алдында Назира аттуу жаран “Азаттыкка” кайрылып, Орусияда абакта жаткан 19 жаштагы уулу өз макулдугу менен Украинадагы согушка кеткенин айткан. Ал 18 жашка толгондо паспорт алып, Орусияга кеткенин, ал жакта баңгизат ташууга айыпталып, 11 жылга соттолгонун билдирген. Апасынын айтымында, ал абактан согушка барууга “аргасыз макул болгон”.

Назира өлкө жетекчилигине кайрылып, уулун Кыргызстанга кайтарууга жардам берүүсүн өтүнгөн.

Орусия Украинага каршы согуш ачкан 2022-жылдын февраль айынан бери жабык жайларда жаткан мигранттарды, анын ичинде Борбор Азиянын жарандарын согушка азгыруу жүрүп жатканы айтылып келет. Буга чейин Украинанын мамлекеттик "Хочу жить" долбоору Орусия украин жергесиндеги согушуна жалдап алып кеткен делген 687 кыргызстандыктын тизмесин жарыялаган.

Тизменин түзүүчүлөрү жалдангандар арасынан аты-жөнү такталгандардын 135и Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишимге 2023-жылы кол койгонун, былтыр 326 киши, ал эми быйылкы жылдын сегиз айында эле 400ү макулдугун билдирип, майданга жөнөгөнүн белгилешти.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесинде чет өлкөлөрдөгү согуштарга же аскердик чыр-чатактарга чакыруу, уюштуруу, каржылоо, азгыруу иштери же ага жалданып катышканы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Буга чейин Украинадагы согушта Орусиянын армиясынын катарында согушка катышкан Кыргызстандын жарандары сот жообуна тартылган окуялар болгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG