Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу долбоору боюнча Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан өкмөттөр аралык келишимге кол коюуга аз калганын 18-декабрда мамлекеттик телеканалдарга курган маегинде билдирди.
“Бул долбоор бир эле бизге эмес, кошуналарыбызга да пайдалуу. “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу кошуналарды сугат суу менен камсыз кылмакчы. Алар да кызыкдар. Азыр бул долбоор боюнча жыйынтыктоочу стадияга келдик. Азыр кошуналарыбыз өкмөттөр аралык макулдашуунун долбоорун карап жатышат. Жакында Москвага барганымда кесиптештеримден бул процессти тездетүүнү сурандым. Алар да быйыл сугат суу боюнча маселе кандай болуп жатканын, Токтогул, Орто-Токой суу сактагычтарындагы абалды көрүп турушат”, - деди Касымалиев.
Кыргызстандагы Камбар-Ата-1 ГЭСин Борбор Азиядагы үч өлкө биргелешип куруу чечими 2023-жылдын башында кабыл алынган. Ага ылайык, үч мамлекет биргелешкен ишкана түзөт, ал ГЭСти башкарат жана анын 34% Кыргызстанга, ал эми Казакстан менен Өзбекстанга 33% бөлүнөт деп чечилген. Буга чейин айрым депутаттар менен энергетиктер үлүштөрдүн пайызына байланыштуу тынчсыздануусун билдиришкен.
Президент Садыр Жапаров октябрда курган маегинде “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга даярдык иштери – жол куруу, көпүрө салуу, электр кубатын жеткирүү, курулуш шаарчасын куруу жана башка иштер жүрүп жатканын билдирген. Бул долбоорду ишке ашырууга эл аралык каржы уюмдары кызматташууга даяр экенин кошумчалаган.
ГЭСти куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегаты 2028-жылы ишке берилет деп пландалган. ГЭС курулуп бүтсө 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 миллиард кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Баштапкы эсеп боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,4 млрд кубдан ашуун көлөмдө суу чогултат.
Бул долбоорго башында 4 миллиард доллардан ашык каражат кетет деп эсептелген.
Шерине